super.kg logo

"Терезе, дубалдар титиреп кеткен". Москвада көп кабаттуу үйдө жарылуу болду (видео)

 
Москвадагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде өрт чыгып, андан төрт адам жабыркады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Анда өрт газ баллондун жарылышынан улам келип чыккан.
"Анын кесепетинен үйдүн 3-4-5-кабаттары күйгөн. Ошондой эле жабыркаган 4 адамдын ичинен экөөнүн абалы оор. Андан тышкары өрт чыккан көп кабаттуу үйдөн 16 адам куткарылган. Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүү кызматы өрттү толугу менен чектеген", - деп жазылат басылмаларда.
Өрт чыккан үйгө жакын жайгашкан сулуулук салонунда иштегендер жарылуу тууралуу төмөндөгүдөй маалымат беришкен.
"Жарылуу болгондо биздин салондун терезелери, дубалдары, тактайлары кадимкидей титиреп кетти. Стеллаж кулап түштү. 20 секунддун ичинде өрт күчөп, 2-3 кабатты жалмап кетти. Эркектер кошумча шаты менен үйдөгү батирлерге чыгып, аялдарды жана балдарды алып чыгышты".
Жарылуу учуру көзөмөл камераларына тартылып калган.





Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон жарылуу учуру видеого түшүп калган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.08.2020. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар снимайт эткен квартира экен эле жарылган квартира
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: