Бишкекте баңги затын мыйзамсыз жүгүртүп келген шектүүлөр кармалды





ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңги затын мыйзамсыз жүгүртүп келген шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңги заттын курамына кирген өсүмдүктөрдү ири көлөмдө өстүрүү менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
"Атайын ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн топтун мүчөлөрү 1972-жылы туулган К.О. менен 1992-жылы туулган Р.В. кармалды.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында энеси менен баласына караштуу үйлөрдү тинтүүгө алуу учурунда өстүрүп жаткан кара куурай түспөлүндөгү өсүмдүк, гашиш майын даярдоо үчүн заттар, марихуана жана баңги каражатын колдонуу үчүн жабдыктар (бульбулятор) табылып алынган.
Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 110 килограмм 450 грамм кара куурай алынды. Кармалган жарандар соттун чечими менен Тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдардын аты-жөнүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар менен атайын тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.




1 |