super.kg logo

"Кыргызстан" партиясынан талапкер: "БШКнын чечимин алгандан кийин сотко кайрылабыз"

 

"Кыргызстан" партиясынан талапкер Талант Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин алганда дароо сотко кайрылышарын SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз БШКнын чечимин күтүп жатабыз. Юристтер даяр, БШКнын токтомун алгандан кийин расмий түрдө, заматта эле сотко кайрылабыз.

Мыйзам боюнча сот органдары 3 күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек. Мыйзам биз тарапта, бизде жүйөөлү себептер бар. Мындан тышкары коомчулукта дагы калыс адамдар өздөрүнүн пикирлерин айтып жатат. Буюрса биз жеңебиз", - дейт Талант Мамытов.

"Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган. Аталган партиянын лидери Канат Исаев БШКнын жумушчу тобунун кабыл алган чечиминин үстүнөн сотко кайрыларын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.08.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттыкты менчик көрүп, ЖК тин баркың кетирдинер
26.08.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди, мамлекетти ойлоп ушинтип жанталашсанар кана.
Байлык, акча учун жанталашып жатасынар
27.08.2020. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик куугунтуктады деп чыгат эми.Бир нормальный адам жок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: