"Жол кыймылынын эрежеси - бул жашоо". Жол коопсуздук кызматы жол кыймылынын катышуучуларына кайрылат
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан жол кыймылынын катышуучуларына кайрылышат.
"Ар бирибизге маалым болгондой, учурда пандемия кырдаалына карабастан, республика аймагында жол кырсыктары күн санап болууда. Бул кырсыкка дуушар болгон жарандардын жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө эле эмес, жалпы коомчулуктун чоң жоготуусу. Жол кырсыктарын алдын алуу маселеси 5 негизги фактордон куралат:
- Айдоочулардын кесипкөйлүгү жана тартиби;
- Унаа каражаттарынын техникалык абалы;
- Жол инфраструктурасынын талапка дал келүүсү;
- Жол кыймылынын катышуучуларынын (жөө жүргүнчү, велосипед айдоочу жана башка) тартиби;
- Мамлекеттик жана башка мекемелердин жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жоопкерчилиги.
Жол кырсыктарынын болуусу жол эрежелеринин одоно бузулушунан экендиги баарыбызга белгилүү:
- ылдамдык;
- ашып өтүү;
- карама-каршы тилкеге чыгуу;
- аралыкты сактабагандык;
- жөө адамдар өтүүчү жайлардан туура эмес өтүү;
- спирт ичимдигин жана баңгизаттарды колдонуп алып унаа башкаруу.
Айтор, жол кырсыктарынын себептерин санап отурсак көп. Ошол эле учурда бир эле айдоочулар эмес, жөө жүргүнчүлөр жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын күнөөсү дагы жок эмес. Ошондой эле кырсыкка жолдордун абалы дагы сөзсүз таасирин берет.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын эле күчү аркылуу жол кырсыктары менен күрөшсө болот деп ойлогон айрым жарандарыбыздын пикири - бул жаңылыштык. Жол кырсыктарына каршы туруу жалпы коомчулуктун жана ар бир жол кыймылынын катышуучусунун милдети.
Жол коопсуздугунун сакталышынын негизи - бул ар бир жол кыймылынын катышуучусу, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги, өздөрүнүн жана башкалардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого болгон аракети негиз", - деп жазылат кайрылууда.
Жолдор жана транспорт министрлигинин, жолдорду эксплуатациялоо жана муниципалдык кызматтардын ишканаларынын иштери дагы жол кырсыктарын алдын алууда аябай маанилүү. Жолдор жана көчөлөрдүн абалын сактоо, жол коопсуздугу, жарандар үчүн кам көрүү боюнча убагында стратегиялык чечим кабыл алуу менен жол кырсыктарынын болбошуна чоң өбөлгө түзө алышат.
"Ар бир жол кыймылынын катышуучусу, жарандардын, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жөнүндө ойлонуп, жолдо ар кандай коркунуч жана кырсык болуп калаарын алдын ала түшүнүп, өзүнө ишенбестен, адам баласы бардык жерде аң-сезимдүү болуш керектигин эске алып, өзүн жана айлана-чөйрөдөгү коопсуздукка көңүл буруусу керек", - деп кошумчаланат кайрылууда.


