"320 кылмыш ишинин бети ачылган". Президентке жол кырсыгына байланышкан маалыматтар берилди




Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-августта жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовду жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Анда жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо маселелери, коррупция менен күрөшүү маселеси талкууланып, президентке маалыматтар берилген.
"Тамерлан Ибраимов реформанын жыйынтыктары Бишкек шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын иши жана Ош шаарынын милициянын Патрулдук кызматын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.
Бишкек шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын кызматкерлери 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-июлга чейинки мезгилде "102" линиясы боюнча 34 миңден ашуун чакырууну тейлегендиги белгиленди.
2020-жылдын 7 айында коомдук жайларда "изин суутпай" издөө боюнча 320 кылмыш ишинин жана миңден ашуун жоруктардын бети ачылган.
Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 85 миңден ашуун протокол түзүлгөн, анын ичинде транспорт каражаттарын мас абалында айдагандар - 1 миң 498.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, милициянын Патрулдук кызматы иштей баштагандан тартып, борбордо кырдаал жөнгө салына баштап, жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишеними артып, алар өздөрүн коопсуз сезе баштаган.
Бүгүнкү күндө, Тамерлан Ибраимов билдиргендей, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоордун алкагында Ош шаарынын аймагына штаттык саны 219 бирдик болгон милициянын Патрулдук кызматы түзүлүп жатат.
2020-жылдын 16-мартынан тарта Ош шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын 219 кызмат ордуна сынак жарыяланган. Бирок коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу сынактык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү токтотулган.
Кырдаал турукташкандан кийин сынактык иш-чаралар жандандырылган.
Сынак жарыялангандан баштап бардыгы 497 талапкер арыз жана рапортторду беришкен: алардын ичинен 264 талапкер жарандык жаштар болуп саналат.
Тестирлөөнүн, ден соолугунун даярдыгы жана баарлашуунун жыйынтыгы боюнча 129 талапкер тандалып алынган, алар тиешелүү окууга жиберилет.
Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматы ушул жылдын декабрь айында ишке кириши күтүлүүдө. Тандалып алынган талапкерлер кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Бир эле учурда Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматынын штаттык санын толуктоо үчүн сынактык тандоонун кийинки этаптары жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.


