Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейдин профилдештирүүсү 80 пайызга аткарылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейдин 150 орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүүсү 80 пайызга аткарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
"Бүгүнкү күндө 100 пайыз бардык зарыл демонтаждык иштер, ички желдетүү, терезе блоктордун орнотуусу, бардык 3 кабаттын полдордун линолеум менен тѳшѳѳсү, такталарды каптоосу, дубалдардын жана астаналардын тушоосу, сырткы фасадтардын штукатуркасы жана скважинанын бургулоо иштери аяктады.
Учурда объектиде 51 адам иштеп жатат. Сырткы суу түтүктөрү жана канализация боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле санитардык приборлордун орнотуусу башталды. Подряддык уюмга 10 миллион сом чегерилгенин белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.