super.kg logo

Бишкек мэриясы шаарда төрт миңден ашык жер пайдалануу эрежелери бузулганын аныктады

 

Бул жылы муниципалдык аймактагы объектилерге инвентаризация жүргүзүү беш этаптан өткөрүлгөндүгү тууралуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Азамат Кадыров онлайн-брифирнгде билдирди.

"Бишкек шаарынын аймагындагы жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин сакталышына жооп берген башкармалык, курулуш эрежелери бузулган учурда башкармалык жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы мыйзамсыз орнотулган объектилерди сүрдүрүшөт", - деген Азамат Кадыров.

Муниципалдык менчик объектилерин инвентаризациялоону өткөрүү боюнча атайын комиссия 17 миң 267 объект жайгашкан 13 миң 947 гектарга жакын аянттагы аймакты текшеришкен.

Анын ичинен 4 миң 247 жер пайдалангандыгы жана курулуш эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгында иш кагаздарын жүргүзүү толугу менен автоматташтырылган маалыматтык системге киргизилген. Ошондой эле бардык объектилердин толук маалыматтары көрсөтүлгөн мобильдик тиркеме иштелип чыккан.

Бишкек мэриясы эгерде, мыйзамсыз же белгиленбеген жерге орнотулган объектини көрсөңүздөр 0 703 63-38-33 номерине билдирип коюуңуздарды суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: