Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө 664 Кыргыз жараны кайтып келди

Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө 664 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Манас" Эл аралык аэропорту бүгүн, 26-августта Орусиядан үч каттамды тосуп алган.
"Екатеринбургдан "Уральские авиалинии" авиакомпаниясынын каттамы менен 164 Кыргы жараны мекенине кайтып келди. Анын ичинде балдар да бар. Кийинки каттам "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча. Кыргыз өлкөсүнө 136 жаран кайтып келди.
"Сибирь (S7)" авиакомпаниясынын каттамы Новосибирск–Бишкек багыты боюнча учуп келди. Аны менен Орусиядан 121 Кыргыз жараны кайтып келди. Анын ичинде балдар да бар.
Ошондой эле "Ош" Эл аралык аэропорту "Уральские авиалинии" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө 243 жаран кайтып келип, анын ичинде 26 жаш бала бар. Бул каттамдар КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Орусия менен Кыргыз өлкөсүнө тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган", - деп айтылат маалыматта.


