Теннис боюнча Кыргызстандык спортчулар Дэвис Кубогунда ийгилик жарата алышпады
Теннис боюнча кыргызстандык спортчулар Дэвис Кубогунда бардык беттештерде жеңилип калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Ага Кыргызстандан Руфат Миржалиев, Ширзат Сыдыков, Илья Семёнов, Адилбек Маматов жана Баатай Максатов катышты. Мелдештин эң төмөн болгон 4-тайпасында мекендештерибиз Катар, Мьянма, Иордания жана Сауд Арабия менен беттешип, бардык оюндарда 3:0 эсебинде жеңилип калышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.