super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандар 24 миллионго жетти

 

Бүгүн, 27-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 24 миллион 32 миң 128 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 15 миллион 670 миң 152 бейтап айыгып чыкса, 822 миң 480 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 820 миң 113 адамдан коронавирус аныкталды. 179 миң 657 адам каза болсо, 2 миллион 84 миң 465 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 32 миң 551 адамдан аныкталды. 116 миң 580 адам каза болсо, 3 миллион 32 миң 551 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 234 миң 474 адам вируска кабылган. 59 миң 449 бейтап көз жумса, 2 миллион 467 миң 758 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: