Кара-Сууда карыяны аёосуз сабаган жаран 3-топтогу майып
Буга чейин SUPER.KG порталына аксакалды бетке тээп, кийин жыгылта тээп, аёосуз сабаган эргулдун видеосу жарыяланган болчу. Бул маалымат социалдык тармактарга жайгаштырылган соң бир канча окурман карыяны сабаган бала тууралуу маалыматтарды беришкен. Алар шектүү бала мурда дагы көчөдөгү балдарды уруп-согуп, кууп, тийишип жүргөнүн айтышкан.
Мындан улам биз Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө аталган жаран психикалык жактан жабыркаганы үчүн каттоого алынганбы деген суроо менен кайрылдык. Анда кызматкерлер 26 жаштагы М.Т. 3-топтогу майып деп каттоого алынганын билдиришти.
"Бизде каттоодо кулагы укпайт деп жазылып, ага тийиштүү пенсия чектелген. Психикалык жактан каттоого алуу үчүн бизге туугандары кайрылышы керек", - деди бөлүмдүн кызматкери.
25-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан Кара-Суу шаарынын 26 жаштагы тургуну М.Т. аттуу жаранды кармашкан. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча үйүнө кызматкерлер барган. Ал өз үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылып, кызматкерлерге баш ийбестен, каршылык көрсөткөн. Натыйжада ички иштер органдарынын 1 кызматкеринин денесине жараат келтирген.




1 |