super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров оппозициянын пландары тууралуу айткан Эрланбек Өмүралиев менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүн угузду

 
Бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйында мурдагы депутат Садыр Жапаров оппозициянын өлкөдө баш аламандык уюштуруу пландары тууралуу айткан Эрлан Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып, сүйлөшүүнүн жүрүшүн диктофонго жаздырып алганын билдирди. Жапаров ал аудиожазууну журналисттерге угузду. Анда Эрланбек Өмүралиев делген адам УКМКдан коркутуу болуп, оппозициянын пландары тууралуу жалган маалымат берүүгө аргасыз болгонун айтат. Жапаровдун айтымында, Өмүралиев ага өзү чалыптыр. “Канча убакыт өтсө да, эл чындыкты билиши керек. УКМК бизди уят кылгысы келген, бирок жыйынтыгында өздөрү уят болушту”,- деди эл өкүлү. Жапаров угузган аудиожазууда сүйлөп берген адам УКМК жарыялаган тасма 2 бөлүктөн турарын, теле аркылуу биринчи бөлүгү гана көрсөтүлгөнүн айтып берди. Ошондой эле сүйлөшүүдө УКМК аны оппозицияны жамандап сүйлөп бер деп коркутканы тууралуу да айтылат. 

кошулду





 
 Кыстарылган аудио 

Садыр Жапаров "Эрлан Өмүралиев УКМК коркутуп сүйлөткөнүн моюнга алды" дейт

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: