super.kg logo
  Саясат  

"Улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү" делген видеоролик боюнча SUPER.KG порталынын билдирүүсү

 
Порталдын колдонуучулары үчүн эрежелердин катарында улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар.
Сөз болуп жаткан видеону колдонуучу Фейсбуктан көрүп, ал жерде калтырылган шилтеме аркылуу FAKT.KG сайтынан алган

 11-сентябрь күнү порталыбыздын "Элдик видео" бөлүмүнө “Кыргыз балдарын өзбек улутундагы жигиттер уруп, жаман сөздөр менен тилдеп, мазактап, кордогону” жөнүндө видео чыккан. Бүгүн, 17-сентябрда айрым маалымат булактарында ИИМге шилтеме берүү менен SUPER.KG порталына улуттар аралык бөлүнүүгө жол берген видео жүктөлүп, муну тийиштүү органдар териштирип жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Маалымат тууралуу SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова буларды билдирет: "Ал видеону порталдын кызматкерлеринин бири Фейсбуктан көрүп, ал жерде көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу FAKT.KG сайтына кирип көрүп, көчүрүп алып, бизге колдонуучу катары жүктөгөн экен. Биздин порталдын колдонуучулары үчүн эрежелердин катарында улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Муну эске албай модератор ал видеону жандырып койгон. Ал эми эртеси 12-сентябрь күнү редактор көрүп, мындай видеонун орун алышы туура эместигине күмөн санап, порталыбыздан алдырып салган. Эми аталган эрежени сактабагандыгы үчүн ал колдонуучу порталдан четтетилди. Ал эми мындай ката кетирген кызматкерибизге тийиштүү чара көрүлдү".  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: