super.kg logo

Ошто "күйөөсү аялы менен баласын сабап жатат" делген видеонун чоо-жайы

 

Ош шаарында 19-август күнү кечинде "күйөөсү аялы менен кичине баласын сабап жатат" делген видео интернетке тараган. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Биз ошол күнү эле видеодогу жаранды суракка алганбыз. Ал үйдө чоң энеси, карындаштары жана иниси менен жашайт. Видеодогу бала жарандын бир тууган иниси, жанында отургандар карындаштары болот экен. Жаран өзү жашаган шаардагы дүкөндөрдүн биринде иштейт. Ал инисин урган эместигин айткан. Себеби ал жумушка кетип жатканда, инисине дайыма 20 сом акча берип турган. Окуя болгон күнү иниси 20 сомго ден соолугуна зыян нерселерди алып жеген. Мындан улам аны бул кылыгы үчүн урушкан. Ошондой эле ошол убакта жанында чоң энеси карындаштары болгон.

Тасмага тарткан кыздар окуяны түшүнүп-түшүнбөй тартканына нааразы болгон. Сабалды делген балага тийиштүү экспертизалар дайындалган. Сурактан соң жаран коё берилген. Кийин видеого тарткан кыздар дагы суракка чакыртылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.08.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Видеого тарткан кыздар суракка чакырылса,эмне деп сурак беришиптир ошону да жазгылачы
27.08.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,видеого не тарттынар силердин не тиешенер бар неге интернетке жайдынар деп сурак алышты да,тиги сабаган кишини кое бергенине караганда
27.08.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тура кылат кээде урушуп койуюш керек. Аке деген Атадан кийинки экинчи адам уйбулонун туйшугун моюнга алган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: