"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" наамын кимдер алат? (тизме)
Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Ага ылайык, коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” деген ардак наам ыйгарылат.
Сыйлыкты ала турган дарыгерлердин тизмеси:
Абдылдаева Айнура Барыктабасовна - Бишкек шаарынын Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары;
Джапарова Динара Дюшекеевна - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун терапевттик бөлүмүнүн башчысы;
Долотова Токтобубу Джоломановна - Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын пульмонология бөлүмүнүн башчысы;
Ибраева Сырга Карыпбековна - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык клиникалык ооруканасынын терапевттик жана неврологиялык бөлүмүнүн башчысы;
Курманбеков Болотбек Каныбекович - Талас облусунун Манас районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун анестезиолог-реаниматолог дарыгери;
Кутманова Айнура Зарылбековна - Эл аралык жогорку медициналык мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы;
Мааданбекова Гүлжан Билаловна - Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси;
Маасаидова Акылай Юлдошовна - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн башчысы;
Марковская Лена Владимировна - Чүй облусунун Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;
Мундусбаева Тамара Смагуловна - Чүй облусунун Панфилов районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;
Пахман Валентина Григорьевна - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык патологоанатомиялык бюросунун начальниги;
Раева Катча Акимовна - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймактык ооруканасынын инфекционист-дарыгери;
Сагымбаева Суусар Акимовна - Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун энени жана баланы коргоо боюнча орун басары;
Сатыбекова Саламат Султанкуловна - Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;
Сооронбаев Талантбек Маратбекович - Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдик терапия блогу менен пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы;
Тилешова Таалайбү Дайыровна - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;
Узакбаева Айнура Зарылбековна - Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары;
Хохлова Ирина Андреевна - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары;
Чолпонбаева Гулзуура Назаркуловна - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасынын директору;
Чынгышова Жамиля Амановна - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын анестезиология жана реанимация кафедрасынын башчысы;
Шакеева Анара Мукашевна - Бишкек шаарынын Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери;




1 |