Сот отуруму башталууга саналуу мүнөттөр калды. "Акыйкат чечим күтүп жатам" дейт Канатбек Исаев




Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралат. Ал саат 15:00гө белгиленген. Соттук кароонун башталышына саналуу мүнөттөр калды.
Сот имаратына партия лидери Канатбек Исаев келди. Журналисттердин суроолоруна "акыйкат чечим күтүп жатам" деп жооп берди ал. Соттон утпай калса мыйзамдуу кадамдарга барарын кошумчалады.
Ушул тапта сот имаратынан алдына 300дөн ашык адам топтолгон, көбүнүн колунда партиянын желектери бар. Окшош кийим кийген жарандар партияны колдоп кыйкырып жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:07
2021-01-18
1:41
2020-11-15
18:03
2020-10-31
9:23
2020-10-26
12:55
2020-10-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.