"Кыргызстан" партиясынын юристи Александр Мощин БШКнын чечимин жокко чыгарууну өтүндү

Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы Свердлов райондук сотунда каралууда.
"Кыргызстан" партиясынын юристи Александр Мощин БШКнын чечимин жокко чыгарууну өтүндү.
Сот отурумуна Чолпон Досманбетова төрайымдык кылууда.
"Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.