super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 7 миңден ашуун адис социалдык кызматтарды көрсөтөт

 

Дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7 миң 198 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 7 миң 56 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анда балдарга жардам берүүчү жеке ассистенттерге ай сайын 4 миң 900 сом өлчөмүндөгү кызмат акы төлөнүп берилери айтылат.

"Жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак бала үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: