Автобустар 1-сентябрдан тарта ишин улантат. Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынды



Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаар мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында бүгүн, 27-августта коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу шаардык штабдын жыйыны өткөн.
"Буга чейин киргизилген бир катар чектөөлөр токтотулду. Кабыл алынган чечимдерге ылайык, 28-августтан тарта калаадагы мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бирок санитардык талаптарды так сактоо зарыл. Ар бир жаран сырттан даарат алып, жайнамазын көтөрө келиши керек.
Мечиттерге бет капсыз киргизилбейт, 1 жарым метр аралык сакталууга тийиш. Андан тышкары автобустар 1-сентябрдан тарта ишин улантат. Бул чечим жаңы окуу жылынын башталышында мектептерге биринчи класстын окуучуларын ташуу үчүн чыгарылды. Ал эми кичи автобустар ишемби, жекшемби күндөрү да каттамга чыгышат. Курманбек стадиону келерки дүйшөмбү күндөн иштей баштайт. Ага чейин залалсыздандыруу жүргүзүлөт", - деп билдирди маалымат катчы.
Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында бардык стационарлар жабылды. Жалпы 3 күндүзгү, 1 түнкү стационар бейтаптарды кабыл алып келген.
