Шайлоо-2020: "Кыргызстан" партиясы боюнча соттун чечими чыкты
Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралды. Сот бул боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, БШКнын чечими жокко чыгарылды.
Сот залынан чыккан партия лидери Канатбек Исаевди журналисттер тосуп алды. Бирок ал комментарий берген жок. Партиядан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов: "Сот биздин арызды карап, канааттандырды. БШКнын жумушчу тобунун чечимин жокко чыгарды. Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү чечим чыгарды", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:07
2021-01-18
1:41
2020-11-15
18:03
2020-10-31
9:23
2020-10-26
12:55
2020-10-23
Рейтинг:
1

Эми БШК шаардык сотко кайрылат, алар Бшканы колдосо тигилер ЖС ко кайрылат, ошентип ит мышык болуп оюндары улана бермекчи!)))
Автор группа Ленинград .Мен эмес.
Паракорлугун көрсөтүшүп коюшту!