super.kg logo

Оренбургдан Казакстан аркылуу 1 миң 725 Кыргыз жараны кайтып келди

 

Орусиянын Оренбург облусунан мекенине Кыргыз жарандары кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-августта Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан биринчи колоннада 29 автобус менен 1 миң 715 Кыргыз жараны кайтып келген.

"Учурда 1 миң 569 Кыргыз жараны экинчи колоннада 25 автобус менен Казак-Кыргыз чек араларына бет алды. Аларды Казакстандын жол полиция кызматы коштоп келет.

Аталган иш-чаралар биздин жарандарды чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун Оренбург облусунда жүргөн Кыргыз жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган.

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарын Орусия-Казакстан мамлекеттик чек арасы тарапка анын ачылышына чейин өтпөй турууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

27-августтан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарында аралыктан сатып ала алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: