super.kg logo

Шайлоо-2020: Шайлоого 50дөн ашык эл аралык байкоочу байкоо жүргүзөт

 

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан келген 50дөн ашык эл аралык байкоочу байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев менен жолугушуусу болгону айтылат.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө КМШ парламенттер аралык ассамблеянын эл аралык байкоо жүргүзүүсүнүн маселелери талкууланды. Анда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо коронавирус пандемиясы шартында өтө тургандыгына байланыштуу эпидемияга каршы санитардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Ал эми Нурбек Сатвалдиев учурда КМШ парламенттер аралык ассамблеянын өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлүп жатканы, ага КМШ парламенттер аралык ассамблеянын мамлекет-катышуучуларында демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун эксперттери дагы кирери тууралуу билдирди.

КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары болуп саналган эл аралык байкоочулар өлкөнүн региондоруна барышат, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын иши менен таанышат, саясий партиялардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле КМШ парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөлөрдөгү участоктук шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо КМШ парламенттер аралык ассамблеясынан 32 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: