super.kg logo

Жаңы окуу жылына карата О! Мобилдик операторунан жаңы жеңилдетилген тарифтер

 

Өлкөбүздөгү оор кырдаалда мугалимдерди, окуучуларды жана студенттерди колдоо үчүн О! Мобилдик оператору апрель айында эле дистанциялык окутууга арналган атайын жеңилдетилген тарифтерди иштеп чыккан.

Жаңы 2020-2021-окуу жылына карата алардын жаңыланган, андан дагы ыңгайлуу версиялары жеткиликтүү болот. Аралыктан окутуу учуруна гана жеткиликтүү боло турган уникалдуу шарттар менен сөзсүз пайдаланып калыңыздар!

«Окуучу», «Мугалим 200» мектептик тарифтер жана «Переходи на О! Студент Онлайн» студенттик тарифи рыноктук баадан бир кыйла жеңилдетилген баада сунушталат. Окутуу үчүн керектүү бардык нерселерди камтыйт:

  1. Интернет-топтомдун КӨБӨЙТҮЛГӨН КӨЛӨМҮ;
  2. Билим берүү министрлигинин билим берүүчү ресурстарына АКЫСЫЗ КИРҮҮ;
  3. О! түйүнүндө ЧЕКСИЗ чалуулар + мессенжерлер + билим берүү сервистери:
  • Instagram
  • WhatsApp
  • Telegram
  • Facebook
  • Zoom
  • Skype
  • ВКонтакте
  • Одноклассники
  • Twitter
  • Google Classroom
  • ЯКласс

Окуучулар менен мугалимдерге арналган тарифтерге кошумча катары жаңы сервис АКЫСЫЗ кошулган - «ЭлМектеп электрондук күндөлүгү». Бул кызмат онлайн режимде окуу процессинин бардык катышуучуларына сабак жүгүртмөсү, баалар, үй тапшырмалары жана көптөгөн башка нерселерди билип турууга мүмкүндүк берет. Сервис 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып жеткиликтүү болот, ал эми жаңы тарифтерди бүгүн эле кошуп алсаңыз болот!

ОКУУЧУЛАР кантип кошулат?

«Мой О!» тиркемесинде Окуучу катары каттоодон өткөндөр болгону *155*75# буйрутмасын гана терүү менен «Окуучу» тарифине өтө алышат!

Жаңы тарифти биринчи жолу кошуп ала тургандар алгач «Мой О!» тиркемесин жүктөп алгандан кийин окуучу катары каттоодон өтүүлөрү керек.

Эгер сизде тиркеме орнотулган болсо, анда аны жаңылаңыз жана «Тарифтер» менюсуна кириңиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз. «Окуучу үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруңуз.

Тариф каттоо жүргүзүлгөн телефон номерине бир күндүн ичинде автоматтык түрдө кошулат. Кененирээк маалымат o.kg сайтында.

МУГАЛИМДЕР кантип кошулат?

Эгер сиз жазында «МУГАЛИМ 200» тарифин колдонгон болсоңуз же сиздин телефон номериңиз «ЭлМектеп» тутумунда мугалим катары катталган болсо, анда жаңы тарифке кошуп алуу үчүн *155*76# буйрутмасын терсеңиз жетиштүү болот.

«МУГАЛИМ 200» тарифине жаңы кошуулар жалпы орто билим берүү мекемелеринин жетекчилиги жана мугалимдеринин сурамы боюнча ишке ашат. Ошондой эле мугалим өз алдынча дагы «Мой О!» тиркемесинен каттоодон өтө алат. Толук маалыматты o.kg сайтынан окуңуздар.

СТУДЕНТТЕР кантип кошулат?

Эгер сен студент болсоң, атайын сен үчүн дагы «Переходи на О! Студент Онлайн» тарифи бар. Болгону «Мой О!» тиркемесинен каттоодон өт. Эгер сенде тиркеме бар болсо, аны жүктөп ал же жаңыла. «Тарифтер» менюсуна кир, «Окутуу үчүн» категориясын тап, «Студент үчүн» вкладкасын танда жана атайын форманы толтур. Тариф тууралуу кененирээк маалымат o.kg сайтында.

Максим Сидоренко, О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору:

«Кыргызстандагы өзгөчө абалдын алгачкы күндөрүнөн тартып мекендештерибизге активдүү жардам берип келебиз. Өлкө үчүн татаал кырдаалда дистанциялык окутуу линиясы боюнча эле 240 миң мугалим жана окуучу О! операторунан толугу менен акысыз мобилдик байланыш жана интернет менен камсыз болушту. Ошентип Кыргызстан ЮНИСЕФ тарабынан «дистанциялык окутуунун жеткиликтүүлүгү боюнча маанилүү прогресске» жетишкен өлкөлөрдүн бири катары таанылды жана биз да бул ишке салымыбыз болгондугу үчүн кубанычтабыз».

Жеткиликтүү санариптик чөйрөнү калыптандыруу — О! Мобилдик операторунун санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатка толугу менен шайкеш келүүчү негизги максаттарынын бири болуп саналат. Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернетинин жеткиликтүүлүгү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы лидерлик позицияда турат. О! операторунун 4G мобилдик интернети менен өлкөнүн калкынын 98 пайызынан ашууну жашаган миңдеген алыс жайгашкан калктуу пункттары камтылган.

О! Мобилдик операторуБИРГЕ ОКУЙБУЗ!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: