super.kg logo

Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга тиешеси бар шектүү кармалды

 

ИИМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга тиешеси бар шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга байланышкан кылмыш ишин катташкан. Анын негизинде баңги каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча операциясын ийгиликтүү жүргүзүшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бишкек шаарында жайгашкан үйлөрдүн биринен өсүмдүк жана жарым синтетикалык өнүмдөгү кара куурай, марихуана, героин табылган. Андан сырткары чегүү жабдыктары мундштуктар, кальян, жана шприцтер табылган. Табылып алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 4 килограмм 686 граммды түзөт.

Шектүү катары шаардын тургуну кармалды. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлдү. Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар башка жарандарды тактоо жана кармоо боюнча атайын тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: