super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Бишкек шаарындагы коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүнү тапшырды

 

Бүгүн, 17- сентябрда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаарындагы эки коомдук тамактануучу жайларда адамдардын массалык уулануусуна байланыштуу кеңешме өткөрдү. Анда өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигинин, шаар мэринин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин катуу сынга алды. "Коомдук тамактануу жайларынын ишин көзөмөлдөөнү жакшыртуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек деген шылтооңор сиздердин өз ишиңерге жана жарандарыбыздын ден соолугуна  кайдыгер мамиле жасап жатканыңардын дагы бир далили болуп саналат. Анын үстүнө аракеттеги мыйзамдардын кемчиликтерин билип-көрүп туруп, сиздердин бириңиздер да аларды четтетүү боюнча сунуш-пикирлерди берген жоксуздар”,- деди Сатыбалдиев. Премьер-министр Экономика министрлигине бардык коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө уруксат берүүнү, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына шаар мэриясы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө бардык коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелердин сакталышын текшерип чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: