super.kg logo

1-сентябрь - Билим күнүндө мектепке биринчи класстын окуучулары барышат

 

1-сентябрь билим күнү 1-класстар үчүн реалдуу режимде өткөрүлөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"2020-жылдын 1-сентябры билим күнү, биринчи класстар үчүн реалдуу режимде өткөрүлөт. Биринчи сабак "менин сүйүктүү Кыргызстаным" деген темада болот жана мектеп боюнча экскурсия өткөрүлөт",- деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева.

Эскерте кетсек, билим берүү жана илим министрлигинин чечими боюнча 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып биринчи класстагы окуучулар офлайн окуусун баштайт. Татаал эпидемиологиялык жагдайы бар аймактарда жана окуучулардын саны 20 баладан ашкан көп окуучу бар мектептерде класстар топторго бөлүнөт.

Балдар мектепте болгон учурда санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керек:

Мектептин бардык жайларын дезинфекциялоону камсыздоо,
Ички дааратканаларды пайдалануу,
Мектептин кире беришинде хлор килем, кол жуугуч, тепловизатордун болуусу,
Гигиеналык жана антисептикалык каражаттар.

Вице-мэр белгилегендей, 2020-2021-жылдагы окуу жылында мектепке 19 миңге жакын бала барып баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: