super.kg logo

Токтобүбү Черикчиева, Малик Аликеев. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы менен дагы кимдер сыйланышат?

 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнө байланыштуу жарандарды сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы менен сыйлануучулардын тизмеси:

Аликеев Малик Жунушович - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
"Эл ырчысы–Эстебес тобу" фольклордук тобунун солисти;

Конушева Гүлшан Ниязбековна - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын фортепиано кафедрасынын башчысы;

Дүйшөнбек Касымов - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;

Көчөрбаев Рахатбек Сардарбекович - Бишкек шаарындагы № 5 балдар музыкалык мектебинин комуз классы боюнча мугалими;

Стамкулова Феруза Икрамовна - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти;

Черикчиева Токтобүбү Апышовна - ырчы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча инструктору.






Токтобүбү Черикчиева, Малик Аликеев “КРнын Эмгек сиңирген артисти” наамын алышты

Автор: Гулзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.08.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдылда менен мерген турган дагы калып кетишиптир да
28.08.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куудулдар мене токмо акындарга да берилсе жакшы болмок, бийлик чыныгы оппозициялары ошолор
30.08.2020. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудул Абдылда Иманкулов эмген синирген алган Мерген Турган,Жамбыл,Рахман Разыковдор алыш керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: