super.kg logo

118 колл-борбору жалпысынан 180 миңге жакын чалууну кабыл алган

 

118 колл-борборунда клиникалык ординаторлор, ыктыярчылар иштеп, өлкө боюнча 180 миңге жакын чалууну кабыл алышкан. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган кызмат Кыргыз өлкөсүндө эпидемиологиялык кырдаал күчөгөн маалда бардык аймактарда күнү-түнү элге медициналык кеп-кеңеш берип турган.

Маалыматка ылайык, колл-борбордо клиникалык ординаторлор, ыктыярчылар өлкө боюнча 179 миң 707 чалууну кабыл алышкан. Анын ичинен июль айында эле 108 миң 54 чалуу түшүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Ал эми Бишкекте июлда 42 миң 421 чалууга жооп беришсе, августта 18 миң 776 кайрылуу болгон.

Эскерте кетсек 6-апрелден тарта Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана шаардык саламаттыкты сактоо департаменти, ошондой эле "Сорос-Кыргызстан" фонду менен биргеликте Швейцария долбоору жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому 118 линиясын ишке киргизген. Аталган долбоор 1-сентябрдан тарта ишин токтото турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: