super.kg logo

Кыргызстандын жаштары өз добушуңарды сатпоого чакырат

 

Бишкек, 27-август – Бүгүн жаштарды шайлоочулар арасында шайлоо мыйзамдары тууралуу маалымдоо жана шайлоого активдүү катышууга чакырган «“Голосуй // Шайла” Жаштар лабораториясы» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу расмий аземи өттү.

Шайлоонун жүрүшүндө демократиялык принциптерди сактоо аракетинде жаштардын активдүү катышуусу канчалык маанилүү экендигин БШКнын төрайымы баса белгилеп кетти.

«Кыргызстандагы шайлоочулардын 29 пайызын 30 жашка чейинки жарандар түзөт. Ошондуктан шайлоонун акыйкаттуулугу жана ачыктыгы үчүн жаштардын активдүү позициясы жана алардын тандоосунун жоопкерчилигин түшүнүү абдан маанилүү. Өз кезегинде БШК шайлоо процессин башкаруу даражасында коррупцияга алып келген жолдорго бөгөт коюу аракетин көрүп келет», - деди ал.

Сынак 13-июлдан 25-августка чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын шайлоо процессин колдоо программасынын алкагындагы өнөктөштүктүн негизинде Германия Федеративдүү Республикасынын колдоосунда ишке ашырылды.

Сынактын 18 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары болгон 44төн ашуун катышуучулары Жаштар Лабораториясынын эки күндүк онлайн тренингине катышты. Ар бир катышуучу шайлоочулардын укуктарына байланыштуу темаларды өздөрү тандады (мисалы, «Эмне үчүн шайлоого катышуу керек?», «Эмне үчүн добушту сатуу туура эмес?», «Административдик ресурстарды колдонууга эмне үчүн болбой тургандыгын түшүнүүнүн мааниси», «Добуш берүүнүн купуялуулугунун мааниси» жана башка).

"Негизи ушул сыяктуу сынактын идеясынын өзү эле көп нерсени айтып турат. Ар түрдүү ой-пикирге ээ биздей катышуучуларды бир идея жана чакырык алдында чогултуу мен үчүн кызыгууну жаратты. Албетте, сынактын аң-сезимге тийгизген таасири дагы өзгөчө болду мен жеке өзүм үчүн көп ачылыштарды жараттым...", - деди "Жаштар лабораториясы 2020" долбоорунун катышуучусу.

Мындан сырткары катышуучулар бир катар тренингдерден өтүп, шайлоо укугу боюнча зарыл маалыматтарды алып, алар ойлоп тапкан продуктуларды алга жылдыруу үчүн керек жөндөмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Окуунун аягында 30 катышуучуга финансылык колдоо жана тренингде берилген билимдин негизинде өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн убакыт берилди. 10-августта долбоорлор социалдык тармактарга ар бир каалоочу тигил же бул долбоорду колдоп, аны алга жылдырууга көмөктөшө алгыдай кылып чыгарылды.

“Жаштар – биздин өлкөнүн келечеги, мыйзамда так айтылгандай шайлоочулар өз бийлигин тандоо эркиндигине ээ болушу керек. Бул өнөктөштүктүн максаты жаштардан добуштарын сатпай турганына убада алуу эле. Жаш жана улгайган шайлоочулар шайлоого келүүдө мыйзамсыз жолдор менен шайлоочуларга таасир эткиси келгендер тарабынан коркпошу керек. Биз шайлоочулардын өз тандоосу менен өз лидерлерин шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүп берип, шайлоодогу сырды сактап калууда БШКга жардам бергенибиз үчүн кубанып жатабыз”, - деди Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен.

Тренингден алынган жөндөмдөрдү өз долбоорлорун ишке ашырууда колдонушту. Шайлоо темасын кеңири жайылтуу үчүн катышуучулар Омар, Айзада Жамгырчиева, Айпери Кубик кызы, Толгонай Арзыкеева, Нурзат Токтосунова, Бекзада Жолборс, Улан Үсөйүн сыяктуу медиа өкүлдөргө кайрылышты. Катышуучулардын медиа продуктулары өлкөнүн бардык аймактарында жашаган 1 017 025 адамдан турган аудиторияны камтыды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
29.08.2020. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бис шайласакта шайлабасакта пир партия отот бирок пайдаланып алгыла элдер киргенде калагыла шайлагыла калагыла шайлабагыла ал озунордун эркинер
29.08.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
talant87,биринчи туура жазганды уйронуп алып,анан элге акыл айтсан жакшы болот эле.
29.08.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Tolkun555,BOOS-. Силердин озунордун ойунар озунордун коз карашынар
29.08.2020. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
talant87, Сага окшогондордун айынан 29 жылдан бери 120 койдун башкаруусунан чыга албай жүрөбүз, кааласаң каалабасаң дагы шайлашың керек, сен добушуң үчүн дагы жооп бересиң керек болсо.
29.08.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уже добуштар сатылып буттуго дейм
Сокенин Биримдик партиясы утту алдын ала
29.08.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2000 сомдон сатылып эле атат го голостор
29.08.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч кайсы партияны шайлабагылачы...Сураныч.Ишинин дайыны жок,айлык алып жатат жон эле отуруп.
29.08.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Барыш керек.Ар бир добуш маанилуу.Туура,татыктуусун шайлайлы.Келечегибизди сатпайлы.
29.08.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бисте шайлоого келген элдин % эсептейт чечим чыгарат Эл 100адам келседа шайлоо отот шайлайын десен бардык партияда таза Адам жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: