super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Европарламенттин төрагасы менен жолугушту

 

Бүгүн, 17-сентябрда Брюсселде Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту. Анда Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү жана өлкөнүн шайлоо системин өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ошону менен бирге Борбордук Азиядагы жагдай дагы талкууга алынды. Мартин Шульц Европарламент Кыргызстанда келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүгө көмөктөшөрүн белгиледи. “Кыргызстан биз үчүн Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшүбүз. Демократияны өнүктүрүү үчүн мыйзамдын үстөмдүгү болушу  зарыл. Европа парламенти Кыргызстандагы келерки шайлоолор демократиянын негизинде өтүшүнө ар тараптуу көмөк көрсөтөт. Жакын арада  Кыргызстанга эксперттердин тобу жөнөтүлөт, алар келерки шайлоолорго колдоо көрсөтүү үчүн керектүү иш-чаралардын тизмесин түзөт”,- деди Европарламенттин төрагасы. “Биз бардык маселелер боюнча  тил табыштык. Кыргызстанда 2 жылдан кийин парламенттик жана 4 жылдан кийин президенттик шайлоолорду өткөрүүгө колдоо алганыма абдан кубанчтамын. Таза шайлоо күчтүү бийликтин  кепилдиги экендигине толук ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: