super.kg logo

БШК "Кыргызстан" партиясы тууралуу соттун чечими боюнча Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылат

 

Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясы тууралуу соттун чечими боюнча Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылат. Бул тууралуу журналисттерге аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Бишкектин административдик сотунун чечими мурда кабыл алынып, БШКнын чечимин жокко чыгарды. Биз мурда кабыл алган чечимибизди колдоп жатабыз жана мыйзамдуу деп эсептейбиз. Административдик соттун чечими боюнча кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылабыз. Учурда арызды даярдап жатабыз. Даяр болгондо беребиз", - деди Шайлдабекова.

24-августта "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган. Соттун чечимине нааразы болгон тарап БШКнын алдына барышкан.






Соттун “Кыргызстан” партиясы боюнча чечимине карата БШКнын төрайымы комментарий берди

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: