super.kg logo

Япония Олимпиада оюндары үчүн коронавируска каршы жарым миллиард вакцина сатып алат

 

Япония Олимпиада оюндары үчүн коронавируска каршы жарым миллиард вакцина сатып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Бул өлкө жашоочуларынын ар бирине төрттөн даана вакцина туура келет дегенди билдирет.

Маалыматка караганда, өлкө 2021-жылга карата 126 миллион калкы үчүн беш түрдүү өндүрүүчүдөн 521 миллион даана вакцина сатып алууну караштырууда.

"Пандемия шартында Олимпиада оюндарын өткөрүү бир катар логистикалык көйгөйлөрдү жаратат. Анткени дүйнө жүзүнөн келген миңдеген спортчулар машыгып жана иш-чараларга барып турушу керек. Мындан тышкары күйөрмандар да коопсуз жерлерге жайгаштырылышы зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, ден соолугуна байланыштуу жакында кызматтан кете тургандыгы айтылып жаткан премьер-министр Синдзо Абэ оюндарды өткөрүп, 2021-жылы Токиого миңдеген спортчулар менен күйөрмандарды тартууга өзгөчө көңүл бурууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2020. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каяктан сатып алат,россияданбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: