super.kg logo

Жактоочу: "Курсан Асановдун шайлоого барары белгилүү болгондон кийин жакындары суракка чакыртылды"

 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, генарал Курсан Асановдун жакындары Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, чакыртуулар Асановдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер экендиги маалым болгондон кийин башталган.

"Курсан Асанов шайлоого барары белгилүү болгондон кийин, анын жакындарына чалуулар келе баштаган. Өздөрүн ИИМдин кызматкерлери деп тааныштырган адамдар генералдын туугандарын Аскердик прокуратурага суракка келүүсүн айтышкан. Ар бир чалууда Асановдун жакындарына карата орой мамиле жасалган. Бирок алардын кайсы иш боюнча чакыртылып жатканы айтылган эмес. Сурак менин катышуумда гана болорун билдим", - дейт жактоочу.

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Курсан Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.08.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы Генерал К. Асанов
28.08.2020. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийлик тоболдор эмне мынча ичи тар болосунар? Пейлинерди ондогулачы кичине,бул жерде Жеенбековдордун гана кызыкчылыгы бардай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: