super.kg logo

"Кыргызстан" партиясы VS БШК: Канатбек Исаев түнү чукул маалымат жыйын берди (видео)

 

"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана партия мүчөсү Талант Мамытовдун катышуусунда бүгүн, 28-августта чукул маалымат жыйын өттү. Жыйын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечиминен баш тартып, "Кыргызстан" саясий партиясынын документтерин кабыл албай койгондугу боюнча болду.

Маалымат жыйын учурунда Исаев буга чейин өткөн шайлоолордо добуштарды сатуу сыяктуу көп аракеттер болгонун айтып, ал учурда БШК аларга эч кандай чара көрбөгөнүнө токтолду.

Ал соттун чечиминен кийин да БШК өз чечиминде туруп алганын одоно мыйзам бузуу деп сыпаттады.

"Бул добушту сатып алуу керек болсо кылмыш болуп эсептелет. Мыйзамсыз үгүт иштери жүргөнү аныкталып, каржы фондунан сырткары акча каражаттар бөлүнгөн учурларда да БШК аларга болгону эскертүү берүү менен чектелген. Ага салыштырмалуу техникалык ката эч бир нерсеге таасир этпей турган жагдай болчу. Ага карбастан БШК биздин партияны каттабай койгон. Ошол себептердин баарын сот эске алып, партиянын пайдасына чечим чыгарды.

Тилекке каршы соттун чечимин БШК кабыл алуудан баш тартты. Бул өтө одоно мыйзам бузуу деп айтсак болот. Анткени алар эгерде Жогорку сотко кайрылабыз деген күндө дагы, соттун чечими аткарылууга тийиш. Мындайча айтканда КРнын мыйзамдарын баарыбыз аткарууга тийишпиз", - деп билдирди Исаев.

25-августта БШК "Кыргызстан" партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарган. Ага БШКнын партия шайлоого катталуу эрежелерин так аткарган эмес деген жүйөөсү себеп болгон.

Партия келтирилген жүйөөлөрдү шайлоого олуттуу таасир тийгизбеген техникалык ката деп баалаган. Партия БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арызданган.

Административдик сот ишти 27-августта карап "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу боюнча арызын канааттандырган.

Ал эми бүгүн, 28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Административдик соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрыла турганын маалымдаган.






Шайлоо-2020: "Кыргызстан" партиясынын лидери БШКнын кадамын одоно мыйзам бузгандык деп эсептейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
29.08.2020. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озунор кечигип келсенер. Анан мыйзам мыйзам деп мозгини сыгесынар.. Судьяны сатып алып унунорду катуу чыгарбагыла уколор!
29.08.2020. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Канатка дагы ортонку манжанарды корсоткуло.Бир киши колдогон жок авторитетинерди билдинер эми уйдо отургула
29.08.2020. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булардын козуно азыр только акча гана горунуп атат. Булардын максаты эптеп эле жогорку кенешке барып анан горунгон жерди жон эле сулук курттай соруш керекта, булар только байлык бийлик мансап учун гана чуркап атышат буту гуйгон тооко окшоп булар эчкачан элди ойлогон эмес зыянкечтер
29.08.2020. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Силерге окшогон чимкирик партияларга,парламенте орун жок.Кыргызстан онугууго милдеттуу.
29.08.2020. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
5 жылда эмнени кыйраттынар?
29.08.2020. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыйзам баарына бирдей иштеш керек деп долуланбагылачы. Ошол мыйзамды озунор сактабай эми элден талап кылып атасынарбы? Ушунчалык жексур экенинерди элдин козу менен бир карап коргуло!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: