super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Кумтөрдөн" акча сурады деп айыпталган жигиттерди УКМК "артыбызда Садыр Жапаров турат" деп айттыра албай жатат"

 

Мурдагы депутат Садыр Жапаров жакында "Кумтөрдөн" акча талап кылды деп айыпталып, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда отурган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди бошотууну талап кылууда. Жапаров бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйын берип анда аталган жарандарды УКМК кысымга алып жатканын билдирди. "УКМК аларды "биздин артыбызда Садыр Жапаров турат" деп айттыра албай жатат",- дейт экс-депутат. Эске салсак, 28-августта УКМК аталган 2 жаран менен "Кумтөрдүн" өкүлүнүн сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеоматериалды теле аркылуу жарыялап, анда компания өкүлүнөн тигилердин 3 миллион доллар сураганы көрсөтүлөт. Айыпталуучу тарап видеону монтаждалган деп моюнга алышкан эмес. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аталган экөө 2 айга, 29-октябрга чейин камакка алынган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда териштирүү жүрүп жатканы айтылууда. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: