super.kg logo

Африкада үйгө чагылган түшүп, 10 бала каза болду

 

Африканын Уганда аймагына караштуу шаарлардын биринде чагылган 10 өспүрүмдүн өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларда жазылды.

Андагы маалыматка ылайык, балдар футбол ойноп жаткан учурда күн күркүрөп, жамгыр жаап баштаган. Балдар талаанын жанындагы чатыры жарым-жартылай жок болгон үйгө корголошкон. Бирок ал үйгө чагылган түшүп, 10 бала каза болуп, 4 бала жаракат алган. Маалыматта алар 9дан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгондугу айтылат.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын айтымында, Угандада мындай кырсыктар көп катталат. Үйлөрдүн көбү толук кандуу жабдылбагандыктан, чагылган түшүп каза болгондордун саны жамгырлуу мезгилде көп болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: