Жаңы окуу жылынын башталышында Чүй облусундагы коомдук транспорттор балдарды бекер ташыйт
Жаңы окуу жылынын башталышында Чүй облусундагы коомдук транспорттор балдарды бекер ташыйт. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, облуста 1-сентябрдан тарта 1-класска барган окуучулар мектепке барып билим алышат.
Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн "Көңүл бургула, балдар!" аттуу иш-чара уюштурулат. Анын алкагында 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин коомдук унаалар окуучуларды бекер ташыйт. Айдоочулар унаага окуучуларды, башка жүргүнчүлөрдү да аралыкты сактоо менен отургузуу керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.