118 колл-борбору 1-сентябрдан баштап токтотулат
118 колл-борбор штаттык режимде медициналык кеңештерди берүүнү улантууда. 1-сентябрдан баштап линияны каржылоо токтотулат.
"118 - өзүн диагностикалоо линиясы" долбоорун 6-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бишкек мэриясы, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы, "Сорос-Кыргызстан" фонду, "Медициналык билим берүүнү реформалоо" швецариялык долбоор жана "Кыргызтелеком" ААК биргелешип ишке киргизишкен.
Швейцариялык "Медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоорунун эсебинен 118 кызматы эл аралык деңгээлге чыкты, ал эми чакырууларды иштеп чыгуу борборлору өлкө аймактарында иштөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.