Түркмөнстан эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту
Түркмөнстан коронавирус инфекциясына байланыштуу эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сатып алынган авиабилеттер 2021-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу экендиги белгиленет. Ал эми учпай калган рейстердин жүргүнчүлөрү акчаны кайтарып алуу үчүн арыз жазышат же каттамдардын жанданышын күтүшү керек.
Белгилей кетсек, Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус оорусу катталбаса дагы жарандар бет кап тагынып, бир катар чектөөлөрдү эске алууга милдеттүү болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.