super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: "Жүрүп бараткан унаанын терезесинен бойлорун чыгарып, сүрөткө тартышты" дейт окурман

 

Үйлөнүү тоюндагы кортеждерде унаанын терезесинен чыгып алып, авариялык абал жараткан жаштарга катуурак чара колдонулса жакшы болмок. Мындай пикирди SUPER.KG порталына видео жөнөткөн окурман билдирди.

Ал видеодон үйлөнүү тоюнун кортежинде үч унаа кетип баратканын көрүүгө болот.

"Бул окуяга 28-августта күбө болдук. Көлдүн Бөкөнбаев айылынан өтүп бара жатканда, кортежди көрдүк. Бир маалда унаалардан кыздар, балдар бойлорун чыгарып, шан-шөкөттүн жүрүшүн уюлдук телефонго тартып башташты.

Ошол эле маалда унаалар ылдамдыгын азайткан жок. Кокус кырсык болуп кетсе эмне болот эле? Былтыр Ошто кортеж унаалары катышкан чоң кырсык болгон, ушундай кырсыктардын эч кимге сабак болбогону кейиштүү", - дейт окурман.






ЭЛДИК ВИДЕО: Ысык-Көлдө унаадан бойлорун чыгарып, уюлдук телефонго сүрөт тарткан жаштардын видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: