Президент Сооронбай Жээнбеков: "Жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо - ар бирибиздин милдетибиз"

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин майрамы менен куттуктады.
Анда өлкө башчы эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – өлкөнүн ар бир жаранынын милдети экенин белгилеген.
"Урматтуу мекендештерим! Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктайм. Бүгүн - биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз - эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендигибиз - ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Эркиндигибиз - ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо - ар бирибиздин ыйык милдетибиз", - деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле өлкө башчы эгемендиктин жыйырма тогузунчу жылын, жалпы дүйнөнү каптаган пандемиянын учурунда белгиленип жатканын айтып, кыйын күндө тикеден тик турган дарыгерлердин, тартип сакчылардын, аскерлердин, ыктыярчылардын жана ишкерлердин эмгегин баса белгилеген.
"Шартка жараша, жыл башында пландалган салтанаттуу иш-чаралар болбой калды. Эгемендүүлүк - бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын — ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат. Биз бүгүн эгемен журт экенибизди сыймык менен белгилеп жатабыз. Урматтуу мекендештерим! Жалпы дүйнөнү алдастаткан пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды. Кыйын күндөрдү өткөрдүк. Бирок биз күрөштү тынбай уланттык. Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз. Бул апааттан кутулуу - мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк. Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем!", - деген өлкө башчы.
