super.kg logo

Токтогулда рейддин натыйжасында 6 кылмыш иши ачылды

 

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун, жоруктардын, бузуулардын алдын алуу максатында бир апталык "Тартип" рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында район борборунан алыс жайгашкан Терек-Суу жана Өзгөрүш аймактарынын жашоочуларына "102 эскертет" аталышындагы баракчалар таркатылып, дүкөндөргө, эл көп топтолуучу коомдук жайларга жабыштырылды. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, өспүрүмдөр арасында мыйзам бузуучулуктарды, батир жана мал уурулуктарды болтурбоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле каракчылык, тоноочулук фактыларынын алдын алуу максатында түнкү убакытта иштеген магазиндерге, май куюучу жайларга "102 эскертет" баракчалары илинип, сатуучулар менен тиешелүү жумуштар алып барылды. Аталган баракчада жарандардын терс көрүнүштөр орун алган учурда кандай аракеттерди көрүүсү керектиги тууралуу маалыматтар камтылган.

"Тартип" рейдинин натыйжасында 6 кылмыш фактысынын бети ачылып, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 22 административдик протоколдор түзүлгөн. Мындан сырткары Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул РИИБинде саптык кароо жүргүзүлүп, кызматтык ишмердүүлүктө өзгөчөлөнгөн жана өзгөчө кырдаал учурунда аткарган иштери үчүн бир катар кызматкерлер медал жана Ардак громаталар менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: