Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын оңдоп-түзөө жумуштары аяктады





Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын оңдоп-түзөө жумуштары аяктады. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу максатында жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.
"Имаратта бардык шарттар түзүлдү, жакынкы күндөрү оорукана эмеректер менен камсыздалат. Оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттин эсебинен 12 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.