79 жыл бирге өмүр сүргөн эквадордук жубайлар бирге болуунун сырын айтып беришти
79 жылдан бери чогуу жашаган эквадордук жубайлар эң узак жашаган жубайлар катарында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Алар узакка бирге болуунун сырын айтып беришкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
110 жаштагы Хулио Цезарь жана 104 жаштагы Валдрамина Макловиянын мамилеси достуктан башталган. Алар жети жыл мамиле куруп, 1941-жылы 7-февралда баш кошууну чечишкен. Үйлөнүү үлпөт тоюна туугандары каршылык көргөзгөндүктөн, жашыруун өткөрүлгөн.
Жубайлар чогуу беш баланы, 11 неберени, 21 чөбөрөнү жана 9 кыбыраны тарбиялашкан. "Үй-бүлөлүк мамилелердин сыры - сүйүү, бири-бирине болгон сый-урмат, чынчылдык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга негизделген туура тарбия", - деп белгилешти Хулио жана Валдрамина.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-06-29

Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
portugalia

31.08.2020. 14:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун
nazira...

31.08.2020. 23:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай бактылуулар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.