super.kg logo

Чүй облусу күз-кыш мезгилине даярданууда

 

Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын адистери тарабынан алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жана андан ийгиликтүү өтүү үчүн 7 ай ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

  • көмөк чордондордун 255 даана көлөмдөгү жабдууларын капиталдык оңдоо;
  • көмөк чордондордун 2313,85 даана көлөмдөгү жабдууларын, 731 чакырым узундуктагы аба чубалгыларын (АЧ) учурдук оңдоо.

Капиталдык курулуш боюнча аткарылган иштер:

  • "Манас", "Бирдик" көмөк чордондорунда 110-35-10 киловатт күчтүк жабдууларды алмаштыруу менен трансформаторлордун кубаттуулугу көбөйтүлдү;
  • "Аламүдүн" көмөк чордонунда сырттан себил бөлүштүрүүчү түзмөктү (ССБТ) алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат;
  • "Молодогвардейская" көмөк чордонунда киргизме чөнөк орнотулду;
  • 7 көмөк чордондо аккумулятордук батареялар алмаштырылды. Муну менен катар 7 көмөк чордондо 110 киловатт аша чыңалууну чектегичтер (АЧЧ) алмаштырылды.

Электр берүү чубалгыларында обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жатат. Азыркы учурда иш жүзүндө 11 миң 681 обочолоткуч алмаштырылды башкача айтканда, 86 жарым пайыз, ошондой эле "Ак-Суу-Сокулук" 110 киловатт аба чубалгысында 17,2 чакырым узундуктагы зым чоңураак кесилиштеги зымга алмаштырылууда.

Мындан сырткары өндүрүштүк имараттар, курулмалар жана унаа каражаттары да кыш мезгилинде иштөөгө даярдалып жаткандыгын белгилей кетүү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: