"Күз мезгили өз өкүмүн сүрүп баштайт". 1-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 1-сентябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +12, күндүз +23;
- Талас облусунда түнкүсүн +14, күндүз +24;
- Ош облусунда түнкүсүн +18, күндүз +28;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +17, күндүз +29;
- Баткенде түнкүсүн +16, күндүз +28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +17, күндүз +19;
- Нарын облусунда түнкүсүн +11, күндүз +21.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +17, күндүз +28 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.