super.kg logo

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду куттуктады

 

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

"Биз ак ниет коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Кыргыз өлкөсүнүн мамлекет куруудагы ийгилигин жогору баалайбыз. Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында мамлекет жаратман өнүгүү жолу, бардык чакырыктарды, анын ичинде COVID-19 пандемиясын ишенимдүү жеңип чыгуу боюнча алдыга умтулган аракеттер улантыларына бекем ишенем.

Азыркы дүйнөдөгү кыйын кырдаалда биздин эки боордош элдин мындан аркы өнүгүүсүндөгү көбүнесе тарыхый байланыштарыбызды жана өз ара жардамдашуубузду бекемдөөдөн көз каранды. Буга байланыштуу ачык-айкын жана жемиштүү болгон кыргыз-казак саясий, экономикалык жана гуманитардык диалогун кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшүүгө принципиалдуу даярдыгымды тастыктайм. Эки тараптуу өз ара кызматташууну толук кандуу ишке ашыруу ЕАЭБдин алкагындагы евразиялык интеграцияга жана Борбор Азиядагы аймактык кооперацияга да, биздин өлкөлөрүбүзгө да иш жүзүндө пайда алып келет", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековдун жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.08.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сокенин кереги деле жок экен. Иштин баарын Окмот жасап жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: