Менин жерим: Абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган айтылуу Ат-Башынын Жаңы-Күч айылы










"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл жаратылышынын кооздугу, климаты менен өзгөчөлөнүп турат. Жаңы-Күч айылы тууралуу баянды айылдын тургуну Гүлбарчын Мамбетжумаева айтып берди.
Айыл Казыбек атындагы айыл округуна карайт. Кара-Коюн боюнда, деңиз деңгээлинен 2 миң 180 метр бийиктикте жайгашкан. Ат-Башы районунан 24 чакырым түштүк-батыш тарапта.
Жашоочулардын жалпы саны 1 миң 200;
Айыл эли мал чарбачылыгы менен алектенет.
Айылда орто мектеп, китепкана жана ФАП бар.

Сүрөттөгү айылдын жашоочусу Гүлбарчын Мамбетжумаева. Ал студент, карантинден бери айылда жүрөт. Ал үйдө мал карап, уй саап, чөпкө жардам берип, ата-энесине каралашууда.
Эмне себептен Жаңы-Күч аталып калганы тууралуу айылдын тургуну буларга токтолду
"Биздин айыл Ат-Башынын кооз айылдарынын катарына кирет. Жаратылыштын кооздугун камера менен жеткирүү мүмкүн эмес. Айылыбыз чакан. Бири-бирибизди бешиктеги баласына чейин таанысак керек. Айылыбыздын аталышы тууралуу уламыштар деле жок. Ал эми эл арасында кошуна айылдардан жаңы көчүп келе баштаган элди көрүп, "жаңы күчтөр келди" деп сүйүнүчтүү кабарды бири-бири менен бөлүшкөн экен. Ошондон улам Жаңы-Күч болуп аталып калган деп айтылып жүрөт", - деген Мамбетжумаева өз баяндамасында.
Жаңы-Күчүм
Кыдырып жүрсөм дагы дүйнө жүзүн,
Көрсөм дагы кереметтин түркүн түсүн,
Көз алдымда турасың качан болсо,
Киндик кан тамган жерим Жаңы-Күчүм.
Болсоң да чакан айыл, бир аз түтүн,
Мен үчүн аалам баткан дүйнө бүтүн.
Мен үчүн медер тутаар борборумсуң,
Бар кезде денемде жан, кубат-күчүм.
Ысмайыл Кадыров.
Аталган Жаңы-Күч айылынан көптөгөн чыгаан жана белгилүү инсандар чыккан. Алсак, белгилүү обончу, аткаруучу, кыргыз телесинин жылдызына айланган диктор, кыргыз элинин Эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов. Ошондой эле алгачкы агартуучу, окумуштуу, жазуучу, алгачкы окуу китептеринин автору Сатыбалды Нааматов да ушул айылдын кулуну. Учурда Нарын мамлекеттик университетине ысымы ыйгарылган. Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, педагогика илимдеринин доктору Эсенбек Мамбетакунов өңдүү кыйын инсандар чыккан.
"Биздин айыл таланттуулардын мекени десем болот. Көбүнчө кайсы жактан болосуңар деген суроого генералдардын айылынан деп тамашалап калам. Аалыбай Кайыпов, Бейшенбай Жунусов өңдүү генералдар чыккан. Мындай инсандарыбызды санай берсем, манжам жетпей калса керек. Аккан арыктан суу ага берет демекчи айылыбыздан бүгүнкү күнгө чейин дагы да көп кырдуу таланттар чыгууда".

Айыл эли ынтымактуу, эмгекчил келип, таланттарга бай. Эл ичи өнөр кенчи дегендей, калк арасында катылган таланттар көп. Айыл тургундары спортко да активдүү катышат. Футбол, көк бөрү боюнча байгелүү орундарга ээ болуп, алдыга камчы салдырышпайт.


Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келсе SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз. SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!
кошулду


1 |