super.kg logo

Премьер-министр: "Социалдык объектилерди оңдоо өкмөттүн негизги милдеттери"

 

Өлкө аймактарындагы социалдык маанидеги объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо – өкмөттүн негизги милдеттеринен. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов социалдык объектилердин, жолдордун, ичүүчү таза суунун жана ирригация объектилеринин курулуш маселелери боюнча өткөн кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров маалымдагандай, 2020-жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объекттин курулуш иши аяктайт. Анын 70и билим берүү, 17си саламаттыкты сактоо уюмдарынын мекемеси.

Премьер-министр социалдык объектилерди белгиленген мөөнөттө колдонууга берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Өлкө аймактарындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу иштерин план боюнча өз мөөнөтүндө аяктоо шарт. Ошол эле учурда алардын сапаттуу бүткөрүлүшүн катуу көзөмөлгө алгыла. Муну менен катар план боюнча 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилүүгө тийиш. Социалдык объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо өкмөттүн бирден бир милдеттеринен экенин эсиңерден чыгарбагыла», - деди Кубатбек Боронов.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл 79 айылга ичүүчү таза суу киргизилет. Учурда бул багыттагы иштер активдүү жүрүүдө. Мындан тышкары 4 ирригациялык объектинин курулушу аяктайт. Алар: Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң каналы, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сарымсак каналы, Баткен облусундагы Р-4 вх каналы, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз суу чарба пайдалануучулар ассоциациясынын каналы. Бул ирригациялык объектилердин курулушунун бүтүшү менен 2300 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин стратегиялык маанидеги жолдордун 92 чакырымы курулуп бүтөт. Ал эми район борборлорундагы жолдордун 165 чакырымына асфальт төшөлөт.

Премьер-министр Кубатбек Боронов объектилерди курууда жана оңдоодо курулуш ченемдери менен эрежелерин аткаруу боюнча талаптарды көзөмөлдөө аркылуу иштин сапатына өзгөчө басым жасоо зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: