super.kg logo

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнү кандай белгиленди? (фото)

 

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ош шаарында Эгемендүүлүк майрамы онлайн форматта белгиленгени маалымдалды.

Салтанатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.


Шаар башчысы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордук аянтта чакан иш-чара болуп жатканын белгилеп, шаардыктарды куттуктады.

Шаар башчысы март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан жалпы дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгына, аскерлерге, ыктыярчыларга, кыйын күндө колдоо көрсөткөн ишкерлерге, меценаттарга, тазалык, транспорт, билим берүү тармагындагы кызматкерлерге, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, башка тийиштүү мекеме-уюмдардын ошондой эле шаарыбыздагы менчик медициналык клиникалардын башчыларына жана жамааттарына, жалпы колдоо көрсөткөн жеке тараптарга Ош шаарынын тургундарынын жана жеке өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясынын “Ыраазычылык каттарын” тапшырды.


Майрамдык иш-чара Ош облустук драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган театралдашкан көрүнүш менен башталып, эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерттик программа менен уланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: